Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 12-февралда, парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Аны төрагалыкка шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү өтүп, 77 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берди.
44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Маалыматтык технологиялар факультетин бүтүргөн. ошондой эле Кыргыз экономикалык университетинин Финансы жана кредит адистигин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн Социалдык фондунда баштаган, кийин Экономика жана Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары Өкмөт аппаратында биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген. 2010-2011-жылдары «Ар-Намыс» саясий партиясынын аппарат жетекчиси жана Жогорку Кеңештеги ушул эле аталыштагы фракциянын бөлүм башчысы болгон. 2011-2012-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министринин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, андан соң Өкмөт аппаратынын реалдуу сектор жана инфратүзүм бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2013-2018-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.
2018-жылдын 13-мартынан тарта «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылдын ноябрь айында «Ынтымак» саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты.
Эске салсак, бүгүн Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгы кызматынан кетти. Анын кызматтан кете тургандыгы тууралуу маалыматтар Камчыбек Ташиевдин УКМКнын жетекчиси кызматынан алынгандан кийин пайда боло баштаган. Тургунбек уулу кызматтан кетүү чечимин өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо максатында жеке өзү кабыл алганын жана ага эч кандай басым-кысым болбогонун билдирди.