Көк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жол
Кыргызстан – жол жөн гана чекиттерди бириктирбестен, саякатка айланган өлкө. Бир эле багыттын алкагында сиз «оттуу» жерлерди, тоо арасындагы деңизди жана муздуу бийиктиктерди көрө аласыз. Көк-Мойнок каньондору, Токтогул суу сактагычы жана тоңгон Ара-Көл аркылуу өткөн бул жол пейзаж, климат жана мейкиндикти сезүү кандайча өзгөрөрүн байкоого мүмкүнчүлүк берген сейрек сапар.

Оттун жана шамалдын ордосу: Көк-Мойнок каньондору
Көк-Мойнок каньондору Ысык-Көл облусунда жайгашкан, ушул эле аталыштагы айылдан 7–10 чакырым алыстыкта, Бишкек — Балыкчы унаа жолу менен Күнгөй Ала-Тоонун түштүк этегинде жайгашкан. Бул аймактын эң кооз жана өзгөчө жерлеринин бири. Мында эрозияга кабылган аскалар кызыл, кумдуу жана сары түстөргө боёлгон. Табигый аркалар, мунара сымал түзүлүштөр, терең жаракалар жана тар өтмөктөр айрыкча эртең менен же күн батар маалда өзгөчө кооз көрүнөт. Күндүн нуру таштын ар бир бүктөмүн даана ачып көрсөтөт. Каньондордун пайда болушу миллиондогон жылдарга созулган: байыркы Ысык-Көл көлүнүн деңгээлинин өзгөрүшү, мезгилдик жаан-чачын, сел агымдары жана шамал таштын жумшак катмарларын акырындан бузуп, түздүктү татаал таш лабиринтке айлантканү

Кантип жетсе болот?
- Кайдан: Бишкек
- Кайда: Көк-Мойнок айылы (Ысык-Көл облусу)
- Жол: Бишкек — Балыкчы унаа жолу менен, андан кийин айылга карай бурулуш
- Аралыгы: – 260 км
- Жолго канча убакыт кетет:: 4–5 саат
Айылга чейин асфальт жол барат, ал эми каньондорго чейинки акыркы бир нече чакырым шагыл жол. Аба ырайы ачык болсо жеңил унаа менен өтүүгө болот, бирок навигация колдонуу зарыл: багыт көрсөтүүчү жол белгилери дээрлик жок.

Уламыштар
Жергиликтүү элдин айтымында, аскалардын кызыл түсү байыркы салгылашуудан калган «оттун изи» экен. Дагы бир уламышта ачууланган алп киши тоолорду кылычы менен чаап, терең жаракаларды калтырганы айтылат. Бул окуяларды азыркыга чейин малчылар жана жакын жердеги айыл тургундары айтып келишет.
Кыргызстандын тоо деңизи: Токтогул суу сактагычы
Маршруттун кийинки бөлүгү өлкөнүн түштүк-батышына — Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясында жайгашкан Токтогул суу сактагычына алып барат. Бул тоолордун арасында ондогон чакырымдарга созулган Кыргызстандагы эң ири жасалма суу сактагычы жайгашкан. Бирок бул жерде эң башкысы көлөм эмес, масштабдын сезилиши. Жол суунун жээги менен өтөт: ылдыйда көгүлтүр суу, жогоруда асман тиргене аскалар, тоо кыркалары жана серпантин жолдор. Ачык аба ырайында суу сактагыч тоо арасындагы деңизди элестетет, ал эми шамал болгондо суунун бети карарып, «дем алгандай» болуп, аймактын катаал мүнөзүн көрсөтөт.
Токтогул суу сактагычы 1970-жылдары өлкөнүн негизги энергетикалык объектилеринин бири болгон ушундай эле аталыштагы ГЭСтин курулушу менен түзүлгөн. Бирок аны куруу үчүн 20дан ашык калктуу конуштарды көчүрүүгө туура келген. Элдер үйлөрүн, бак-дарактуу жерлерин, ата-бабаларынын көрүстөндөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Аймак үчүн бул оор, бирок тагдыр чечүүчү өзгөрүү болду: суу сактагыч республиканын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылып, өлкөнүн экономикалык картасын өзгөрттү. Көптөгөн карыялар азыркыга чейин мурун айылдар кайда болгонун, жолдор менен көпүрөлөр кайсы жерден өткөнүн көрсөтүп бере алышат. Тумандуу аба ырайында суунун бети келечек үчүн суу астында калган жерлердин элесин жашырып, ошол эле учурда сактап тургандай сезилет.

Кантип жетсе болот?
- Кайдан: Ысык-Көл облусу / Бишкек
- Кайда: Токтогул суу сактагычы
- Жол: Бишкек — Ош трассасы
- Бишкектен алыстыгы: — 300 км
- Жолго канча убакыт кетет: 5–6 саат
Жол толугу менен асфальтталган, бирок техникалык жактан татаал: ашуулар, серпантиндер жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү. Жолдо суу сактагычтын жана Нарын өрөөнүнүн көрүнүшүнө суктанууга мүмкүн болгон панорамалык аянтчалар бар.
Муз жана бийиктик: тоңгон Ара-Көл
Саякаттын акыркы чекити Тянь-Шандын бийик тоолуу бөлүгүндө, болжол менен 3500 метр бийиктикте жайгашкан Ара-Көл көлү. Бул жер ыңгайлуулук үчүн эмес, тынчтыкты жана чексиз мейкиндикти сезүү үчүн бара турган алыскы жана жетүүгө кыйын жер. Кышында көл тоңот. Аба ырайынын кескин суукташынан жана суунун тазалыгынан улам жаракалар жана аба көбүкчөлөрү бар калың жан тунук муз пайда болот. Ачык аба ырайында көлдүн бети кар баскан чокуларды жана асманды чагылдырган күзгүгө айланат.
Кантип жетсе болот?
- Кайдан: Токтогул району / Нарын облусу
- Кандай унаа менен баруу керек: Асты бийик жолтандабастар гана бара алт
- Маршруттун өзгөчөлүктөрү: Жолу жок тоо жолдору, ашуулар, уюлдук байланыштын жоктугу.
Ара-Көлгө баруу тажрыйбаны, кылдат даярдыкты жана жергиликтүү гиддердин коштоосун талап кылат. Акыркы чакырымдар бийик тоолуу жолдор менен өтөт, ал жерде аба ырайы бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн: ачык тийген күн заматта шамалга, андан соң карга алмашат.

Фактылар жана мифтер
Бул көл ыйык жер деп эсептелет. Малчылар жана мергенчилер бул жерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылышат: бул жерде ызы-чуу салууга, таштанды калтырууга жана көпкө калууга болбойт. Катуу шамал жана капыстан болгон бороон-чапкындар бийик тоолуу табияттын адамдын канчалык чыдамкайлыгына карата реакциясы катары кабыл алынат.
Кантип эс алса болот?
- Коньки тебүү: Муздун тегиздиги жана агымдын жоктугу көлдү табигый бийик тоолуу муз аянтчасына айлантат. Бул жерде коньки тебүү жөн гана спорттук оюн эмес, тоо мейкиндигине жана тынчтыкка толук сүңгүүнүн сейрек тажрыйбасы.
- Ат менен муз үстүндө сейилдөө: Кышында жергиликтүү тургундар кээде аттарды тоңуп калган көлдүн бетине алып чыгышат. Тоолордун арасында муз үстүндөгү жай кыймыл көчмөндөрдүн салттуу жашоо образын жана бийик тоонун катаал сулуулугун айкалыштырат.
Жыйынтыктап айтканда, Көк-Мойнок, Токтогул суу сактагычы жана Ара-Көл – бул үч элементти бириктирген саякат: таш оту, тоо деңизинин суусу жана бийик тоолордун музу. Бул ар бир жол убакыт, курмандык, жаратылыш жана андан ары барууга батынган адам жөнүндө окуяны баяндаган жол.
Мария Еремеева