Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңди

16.02.2026 | 11:20

14–15-февраль күндөрү Словениянын Любляна шаарында өткөн “Ljubljana European Open-2026” ачык Европа Кубогунда кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал мелдеште бельгиялык Карл Фубертти, литвалык Августас Слизеринецти, франциялык Эниэль Кэролини жана египеттик Абдалла Абдельсамейдини жеңген. Финалдык беттеште орусиялык Давид Карапетянды утуп, алтын медаль алды.

Аталган мелдешке жалпысынан 45 мамлекеттен 513 спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан Эрлан Шеров, Эрбол Абасбеков жана Ханболот Ырысбеков катышты. Курама команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов жана улук машыктыруучу Азат Кубакаев жетектеп барды.

Scroll to Top