Кыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылды

18.02.2026 | 10:15

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк ээлерине кайрылып, укук белгилөөчү документтердеги маалыматтарды мамлекеттик реестрдеги маалыматтар менен салыштырып, тактоо зарылдыгын эскертти. Маалыматтарды тактоо 2026-жыл үчүн салыктарды сапаттуу жана туура чегерүү үчүн талап кылынат.

Жеке жана юридикалык жактарга өздөрүнүн документтериндеги маалыматтарды Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин («Кадастр» мамлекеттик мекемеси) маалыматтык системасы менен салыштыруу сунушталат. Төмөнкү параметрлер такталууга тийиш:

  • Мүлк ээсинин СИНи (ИНН);
  • Аты-жөнү же уюмдун аталышы;
  • Мүлк объектилеринин жана жер участокторунун аянты;
  • Объекттин багыты жана ээлик кылуу үлүшү;
  • Мүлктү сатып алуу же өткөрүп берүү (ээликтен ажыратуу) даталары.

Салык кызматы маалыматтарды актуалдаштыруу салыктарды эсептөөнүн автоматташтырылган системасына өтүүгө байланыштуу экенин баса белгилейт. Мыйзамга ылайык, мүлк салыгын эсептөө жана чегерүү милдети эми салык органдарына жүктөлгөн — салык төлөөчүгө болгону белгиленген мөөнөттө эсептелген сумманы төлөө гана калат.

Автоматташтыруу процесси бир нече этап менен өтүүдө:

  • 2025-жылы биринчи этап ийгиликтүү аяктаган — турак жай объекттерине салыкты автоматтык түрдө чегерүү киргизилген.
  • 2026-жылы экинчи этап ишке ашырылууда, ал турак жай эмес (коммерциялык) мүлк объекттерин камтыйт.

Көрүлгөн чаралар жергиликтүү салыктарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөтүүгө, жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Салык кызматы келечекте катачылыктарга жана салык суммасынын туура эмес эсептелип калышына жол бербөө үчүн салык төлөөчүлөрдү маалыматтарды өз убагында тактоого чакырат.

Scroll to Top