Москва районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан
Бишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт
03.04.2026 | 12:49

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, 6-апрелден тарта Бишкек шаарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзамендер жаңы дарек боюнча өткөрүлө баштайт.
Буга чейин экзамендер Чокон Валиханов көчөсү, 2/3 дарегинде жайгашкан Чыгыш бөлүмүндө кабыл алынып келген. Эми талапкерлер Фатьянов көчөсү, 170а дарегине барышы керек. Багыт — Горький көчөсү, 142.
Борбордон белгилешкендей, экзаменге мурунку дарек боюнча жазылып койгон жарандар өздөрүнө белгиленген күнү жана убактысында жаңы дарекке келиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом