Кыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилешти
Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата кызматташуу пландарын, анын ичинде өлкөнүн аймактарында биргелешкен иш-чараларды уюштурууну бекитишти.
Тараптардын көңүл чордонунда тоо демилгесин иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери турду. Өз ара аракеттенүү программасы Кыргызстандын тоолуу аймактарын комплекстүү изилдөөнү, алынган маалыматтарды санариптештирүүнү жана улуттук илимий потенциалды чыңдоону камтыйт.
Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле 2026-жылдагы «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди» ишке ашыруунун алкагындагы аракеттерди координациялашты. Бул процесстин негизги этаптарынын бири 2027-жылдын октябрь айына пландаштырылган Экинчи Бишкек Глобалдык Тоо Саммитине даярдык көрүү болмокчу.
Жыйынтыгында Динара Кемелова жана Фолькер Фробарт өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ырасташты. Тараптар глобалдык климаттык процесстердин алкагында тоо тематикасын институционалдаштыруунун стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгилешти.