Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулат
22.02.2026 | 12:59
Бишкекте XI кылымда Махмуд Кашгари-Барскани тарабынан түзүлгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу пландалууда. Картанын өзгөчөлүгү — автор анда Ысык-Көлдү Жердин борбору катары белгилеген.

Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, демилгени мамлекеттик катчы Арслан Койчиев сунуштаган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине сынак өткөрүп, ишке ашыруу үчүн эң мыкты долбоорду тандоо тапшырылды.
Карта Борбор Азиядагы ислам ренессансы доорунда түзүлүп, маанилүү тарыхый-маданий баалуулукка ээ. Анын көчүрмөсүн орнотуу Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында ишке ашырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ысык-Көл