7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Цумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда
23.02.2026 | 10:12

Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанына, мурунку эски фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Буга чейин мэр аталган объектиге текшерүү менен барып, курулуш жүргүзүп жаткан компанияга аны алып салууга 72 саат убакыт берген. Мэрдин айтымында, курулуш бекитилген эскиздик долбоорго жана шаар куруу нормаларына шайкеш келбей турганы аныкталган. Ошондой эле ал жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылган.
Учурда курулушту бузуу иштери мэрия тарабынан жүргүзүлүп, аны мэр Айбек Жунушалиев көзөмөлдөп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом