Таластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтарды

24.02.2026 | 10:25

Таласта «Орозалы» күрөөканасынын ээси мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтарды. УКМКнын маалыматында, аталган күрөөкананын ишин Салык кызматы, Улуттук банк жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы текшерип, анда күрөөгө алуу иши мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнү аныкталган.

Буга байланыштуу күрөөкана ээси мурда мыйзамсыз тартып алынган кыймылсыз мүлктөрдү жарандарга ыктыярдуу түрдө кайтарып берген. Атап айтканда, С.У.У. аттуу жаран Талас районунда жайгашкан турак үйүн кайра алган. Ошондой эле дагы 10 жаранга күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлктүн документтери кайтарылган.

Мындан тышкары, күрөөкананын ээси 2024-жылдын жайынан бери жылдык 30%дан жогору эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экенин билдирген.

“Күрөөкана жабыркаган жарандардан кечирим сурап, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барууга милдеттенди”,- деп билдирди атайын кызмат.

Scroll to Top