Москвада Кыргыз илим жана маданият үйү ачылат

Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйү ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун жолугушуусунда айтты. Тараптар кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта өнүктүрүү маселелерин карашты.
Садыр Жапаров маданият үйүнүн ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоого өбөлгө болорун билдирди. Ошондой эле ал Орусиянын командасын ушул жылы Кыргызстанда өтө турган алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Михаил Швыдкой жолугушуунун жүрүшүндө 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын биргелешип белгилөөнү сунуштады. Бул максатта эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген уюштуруу комитетин түзүү демилгеси көтөрүлдү.
Тараптар маданият, гуманитардык диалог жана тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.