Кыргызстан агросекторду жеңилдетилген насыялоого 13 миллиард сомдон ашык каражат багыттайт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аграрийлерди каржылык жактан колдоонун масштабдуу түрдө кеңейтилгенин кабарлады. 2026-жылы жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн тогуз мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда.
2026-жылдын 1-январына чейин тармакта 7,38 млрд сомдук алты долбоор иштеп келген. Жыл башында ведомство кошумча үч долбоорду иштеп чыгып, алар учурда макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жатат.
Жеңилдетилген каражаттар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтары аркылуу бөлүштүрүлөт. Программалар боюнча пайыздык чендер 2%дан 6%га чейин болуп, насыя мөөнөтү 3 жылдан 7 жылга чейин созулат.
2026-жылдын негизги долбоорлору:
- «Айыл чарбасын каржылоо-14» (ФСХ-14): Бюджети 2 млрд 448 млн сомду түзгөн эң ыкчам долбоор. Каражаттар талаа иштерине, үрөн, күйүүчү май жана мал сатып алууга жылдык 6% менен багытталат. Бүгүнкү күнгө карата фермерлерге 125 млн сомдон ашык каражат берилди.
- Кластердик өнүктүрүү жана агрегаторлор: Аймактык кластердик өндүрүштү өнүктүрүүгө рекорддук 2% менен 3,8 млрд сом, ал эми «АӨКтү (АПК) насыялоо» долбооруна 2,1 млрд сом каралган.
- Мал чарбасы жана үрөнчүлүк: Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 1 млрд 233 млн сом (коюму 3%), үрөн чарбаларына жана питомниктерге — 100 млн сом (коюму 3%) бөлүндү.
- Өнөр жайлык бордоп семиртүү: Чүй облусунда жана Бишкекте эт багытындагы кластерлерди колдоо үчүн бодо малды бордоп семиртүүгө 1,5 млрд сомдук долбоор ишке ашырылууда.
- Суу үнөмдөө: Сууну үнөмдөөчү сугаруу тутумдарын киргизүү боюнча жылдык 2% менен 500 млн сомдук жаңы долбоор макулдашуу стадиясында турат.
Техникалык паркты жаңыртуу боюнча жигердүү иштер уланууда. «Лизинг» долбоорунун алкагында 499 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн (жалпы 1,01 млрд сомдук лимиттин бир бөлүгү). Өткөн жылы мамлекеттик банктар аркылуу фермерлер 511 млн сомдук 143 бирдик атайын техниканы (тракторлор, комбайндар ж.б.) алышкан.
Долбоорлордун көбү үчүн 6 айдан 12 айга чейинки жеңилдетилген мөөнөттөр (төлөм каникулдары) каралган. ФСХ-14 жана асыл тукум чарбаларды колдоо сыяктуу айрым программаларда 300–500 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз берилиши мүмкүн. Ири суммадагы насыялар (20–50 млн сомго чейин) мүлк күрөөсү менен берилет.