Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалымат
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
25.02.2026 | 16:08

26-февралдан 28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
ӨКМнын маалыматында, төмөнкү унаа жол тилкелеринде кар көчкү түшүү коркучу бар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, ошондой эле Чычкан капчыгайында;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында;
- Арал – Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205- 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусунда.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун билдирип, айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом