Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын утту
26.02.2026 | 11:37

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Албанияда өтүп жаткан MUHAMET MALO 2026 эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирде 70 кг салмак ченинде алтын медаль утту.
Акматалиев мелдештин 1/8 финалынан баштап, алгачкы беттешинде Ибрагим Ибрагимовду (UWW) 4:3 эсебинде жеңди. Чейрек финалда молдовалык Василий Дьяконду 6:1 эсебинде утту.
Жарым финалда казакстандык Майис Алиев менен болгон беттеште кыргызстандык балбан акыркы секунддарда натыйжалуу ыкма жасап, 12:9 эсебинде жеңишти илип алды. Финалда Акматалиев АКШнын өкүлү Алек Вилльям Понталеону 3:2 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.
Бул салмак ченинде коло медалды Залкарбек Табалдиев багындырды. Ошондой эле аталган мелдешке Рустам Кахаров да катышып, ал 1/8 финалда Табалдиевге утулуп калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт