Кыргызстан менен Өзбекстан аймактарды алмашуу боюнча мындан аркы аракеттерди макулдашты16-август: Кыргызстанда +39°Cге чейин ысыйт, тоо этектеринде күн күркүрөйтЧүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калды
АКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес
26.02.2026 | 12:08

Америка Кошмо Штаттарына F же M категориясындагы визалар менен бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кепилдик күрөө бизнес же туристтик (B1/B2) визасына документ тапшырган талапкерлерден гана талап кылынат. Башка категориядагы визалар үчүн мындай төлөм каралган эмес.
Эске салсак, буга чейин АКШ иммиграциялык эмес виза алууну каалган чет өлкөлүтөргө, анын ичинде кыргызстандыктарга жаңы талап киргизген. Ага ылайык, 2026‑жылдын 21‑январынан тартып Кыргызстандын жарандары В-1 (иш сапарлары) жана В-2 (туризм) категорияларындагы АКШнын Иммиграциялык эмес визаларына арыз бергенде 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөөгө милдеттүү болот.