Кыргызстанда маданиятты өнүктүрүүгө 500 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт
Кыргызстандын Министрлер кабинети маданият жана искусствону өнүктүрүүнүн 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик программасын бекитти. Документ тармактын жакынкы беш жылга карата ишинин стратегиялык багыттарын, анын ичинде инфраструктураны модернизациялоону, чыгармачыл бирикмелерди колдоону жана санариптик трансформацияны аныктайт.
Программа бүткүл республика боюнча маданий чөйрөнү системалуу жаңылоону карайт. Аймактарда моделдик маданият борборлорун түзүү, ал эми иштеп жаткан китепканаларды кайра уюштуруу жана жаңылоо пландалууда.
Музей ишине өзгөчө көңүл бурулган:
- Улуттук көркөм сүрөт музейинин базасында реставрациялык өнөркана ачылат;
- музей иши боюнча илимий-усулдук борбор түзүлөт;
- 2030-жылга чейин ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн 4 миң музей экспонатын санариптештирүү пландалган.
Программаны ишке ашырууга түз бюджеттик чыгымдардын жалпы көлөмү 2026–2030-жылдары 500 млн сомдон ашык сумманы түзөт.
Бекитилген планга ылайык, каражаттар төмөнкү багыттарга бөлүштүрүлөт:
- 300 млн сом (2027–2029-жж. аралыгында) гастролдорду уюштурууга жана театрлардын иштөө форматын жаңылоого жумшалат;
- 85,1 млн сом китепканаларды кайра уюштурууга жана моделдик мекемелерди түзүүгө бөлүнгөн;
- 45 млн сом чыгармачыл союздарды колдоого кетет;
- 19,5 млн сом музейлерди санариптештирүүгө каралган;
- 18 млн сом ата мекендик драматургияны өнүктүрүүгө багытталат.
Инфраструктуралык өзгөрүүлөрдөн тышкары, программа квалификациялуу кадрларды даярдоону жана чыгармачыл жамааттарга даректүү жардам көрсөтүүнү максат кылат. Бул чараларды ишке ашыруу искусство чөйрөсүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого жана жарандар үчүн маданий объекттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.