Ошто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт

5-6-март күндөрү Ош шаарынын борбордук аянтында “Агроэкспо-2026” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен уюштурулат.
Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба техникалары, жаңы технологиялар, үрөндөр жана көчөттөр көрсөтүлөт. Программага тамчылатып сугаруу системалары, санариптик суу платформалары, жашыл энергия жана жылытуу системалары боюнча тааныштыруулар киргизилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт. Ошондой эле айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилип, лотерея жана музыкалык программа уюштурулат.
Бул көргөзмө-жарманке фермерлер, агробизнес өкүлдөрү жана адистер үчүн тажрыйба алмашуу, технологияларды тааныштыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү аянтчасы катары кызмат кылат.