Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды
08.04.2026 | 12:13

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» 350 миң таңгак дары каражаты берилди. Гуманитардык жардамдын суммасы 18,4 млн сомду түздү.
Министрликтин маалыматында, бул каражат энелердин ден соолугун коргоо тутумун чыңдоо жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында берилген. Мизопростол жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирет. Ал акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө оорунун өрчүшүп кетүүсүн алдын алуу үчүн колдонулат.
Дары каражаты өлкө аймагындагы 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. Препарат медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина