Туризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилетет

Reporter.kg жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсы расмий түрдө узак мөөнөттүү кызматташтыкты баштады. Тараптар өлкөнүн туристтик дараметин масштабдуу илгерилетүү жана республиканын эл аралык имиджин бекемдөө максатын көздөгөн беш жылдык өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Келишимдин алкагында бирдиктүү маалыматтык стратегияны түзүү пландалууда. Негизги басым заманбап коммуникациялык аянтчаларды колдонуу менен мамлекеттик демилгелерди медиалык коштоого жасалат. Өнөктөштүк аналитикалык материалдарды чыгарууну, өлкөнүн уникалдуу жерлери (локациялары) жөнүндө сапаттуу мультимедиалык контентти жаратууну жана жергиликтүү, ошондой эле чет элдик журналисттер үчүн пресс-турларды уюштурууну карайт.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору Адилет Жанузаков учурда уюмдун ишмердүүлүгү конкреттүү инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
«Биздин көңүлүбүз өлкөнүн инфраструктурасын жана имиджин өнүктүрүүгө бурулган. Бүгүнкү күндө Rest Point тармагынын 11 объектиси иштеп жатат, Дүйнөлүк банктын гранттары тартылды, улуттук маанидеги ири инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү уланууда. Кыргызстанда туризм кызматтардын экспортунун, соодадагы жана коомдук тамактануудагы жүгүртүүнүн өсүшү аркылуу экономикага салымын күчөтүп, ишенимдүү түрдө өнүгүүдө», — деп билдирди Адилет Жанузаков.
Reporter.kg («Кыргыз Медиа Групп» медиахолдинги) сайтынын башкы директору Владимир Банников бул өнөктөштүктө ЖМКнын милдети — жөн гана окуяларды чагылдыруу эмес, өлкөгө болгон ишеним атмосферасын калыптандыруу экенин баса белгиледи.
«Reporter.kg порталы туристтерди тартууга жана саякат үчүн коопсуз жана кызыктуу өлкө катары Кыргызстандын образын өнүктүрүүгө жардам берип, бул процесстин активдүү жарчысы болуп калат. Заманбап турист нукуралуулукту издейт, биздин милдет — ал жөнүндө дүйнөгө кесипкөйлүк жана ачык боектор менен айтып берүү», — деп белгиледи Владимир Банников.
Жакынкы беш жыл ичинде тараптар туристтик рынокту терең анализдөөгө жана эксперттик маалымат алмашууга басым жасашат. Биргелешкен аракеттер тармактык негизги окуяларды — эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана презентацияларды толук кандуу медиалык коштоого багытталат.
Эске салсак, буга чейин Reporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алган. Оюндар 2026-жылдын 31-августунан сентябрь айына чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдө дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн 3 000ден ашык спортчунун катышуусунда өтөт.