Иранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайы
Айпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алды
01.03.2026 | 15:00

Кыргызстандык балбан айым Айпери Медет кызы MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнирде биринчи орунду ээледи.
Спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнир Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Мелдештин жүрүшүндө ал төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:
- 1/8 финал: Казакстандын өкүлү Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде жеңди;
- Чейрек финал: Болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0 эсебинде утту;
- Жарым финал: Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Финалдык беттеште Айпери Медет кызы эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келип, аны 5:4 эсебинде жеңди.
Эскерте кетсек, Реаско Валдез дүйнөнүн учурдагы чемпиону болуп саналат. Бул эки спортчу 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, анда эквадорлук балбан жеңишке жеткен. Бул ирет Айпери Медет кызы жеңишти камсыздап, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт