Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Айпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алды
01.03.2026 | 15:00

Кыргызстандык балбан айым Айпери Медет кызы MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнирде биринчи орунду ээледи.
Спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнир Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Мелдештин жүрүшүндө ал төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:
- 1/8 финал: Казакстандын өкүлү Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде жеңди;
- Чейрек финал: Болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0 эсебинде утту;
- Жарым финал: Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Финалдык беттеште Айпери Медет кызы эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келип, аны 5:4 эсебинде жеңди.
Эскерте кетсек, Реаско Валдез дүйнөнүн учурдагы чемпиону болуп саналат. Бул эки спортчу 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, анда эквадорлук балбан жеңишке жеткен. Бул ирет Айпери Медет кызы жеңишти камсыздап, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт