2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү жана өндүрүштү модернизациялоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылы 75 кайра иштетүү ишканасын ишке берүү планы бекитилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ишканалар төмөнкү аймактарга ачылат:
- Нарын облусу — 15;
- Жалал-Абад облусу — 14;
- Ысык-Көл облусу — 12;
- Ош жана Баткен облустары — 9дан;
- Чүй жана Талас облустары — 8ден.
Долбоордун алкагында, 14 мөмө-жемиш жана жашылча иштетүүчү ишкана, 10 соода-логистикалык борбор, 10 мал союучу жай, 8 сүт иштетүүчү жана 8 эт иштетүүчү (анын ичинде 6 тоок этин өндүрүүчү) ишкана ачылат. Мындан тышкары, жүн, дан, тоют, балык, бал, дары чөптөр жана минералдык суу өндүрүү багытындагы заводдорду, ошондой эле 6 тоңдургуч кампаны ишке киргизүү каралган.
Министрлик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпы 6 млрд 203 млн сом жумшаларын билдирди. Каржылоо мамлекеттик жеңилдетилген кредиттердин, жеке инвестициялардын жана эл аралык өнөктөш уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.