Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жандантты
04.03.2026 | 10:44

3-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын Капитал рыногун жөнгө салуучу башкармалыгы өлкөнүн фондулук биржалары ишин кайра жандантарын билдирди. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги кабарлады.
Абу-Даби жана Дубай бийликтеринин маалыматына ылайык, Абу-Даби фондулук биржасынын жана Дубай каржы рыногунун (Nasdaq Dubai) иши эки күндүк тыныгуудан кийин калыбына келтирилет.
Биржалардын иши Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган соккуларына байланыштуу убактылуу токтотулган болчу. Кырдаалга мониторинг жүргүзүүдөн кийин соода сессияларын кайра баштоо чечими кабыл алынган.