Май айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралуу

04.03.2026 | 10:14

«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Reporter.kg басылмасына 2025-жылдын жыйынтыктары, Евробиримдиктин финалдык  аудитине даярдыктар, “Манас” аэропортунун масштабдуу реконструкцияланышы жана Ысык-Көлдө авиациялык тематикадагы курорт түзүү пландары тууралуу айтып берди.

— Манас Самидинович, 2025-жыл артта калды. Кыргызстандын авиация тармагы жаңырган жылга кандай жыйынтыктар менен кирди?

— 2025-жылды биз абдан жемиштүү жыйынтыктадык. Аймактык аэропортторду ишке киргиздик, жаңы каттамдарды ачтык, курулуш иштерин активдүү жүргүздүк. Учурда өлкөнүн башкы аба дарбазасы болгон «Манас» эл аралык аэропортундагы учуп-конуу тилкесин жана аэровокзал комплексин реконструкциялоону аяктап жатабыз. Муну менен бирге «Ош» жана «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунда курулуш иштери жүрүүдө, аларды быйыл бүтүрүүнү пландап жатабыз. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин консолидацияланган таза кирешебиз 5 млрд сомду түздү. Мындан тышкары, мамлекеттик “Asman Airlines” авиакомпаниясы авиациялык күйүүчү май куюу боюнча жалгыз оператор болду жана Кытай менен Россияга жаңы каттамдарды ишке киргиздик.

Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркын кеңейтүү жөнүндө айттыңыз. Кайсы моделдерге токтолдуңуздар жана эмне үчүн?

— Биздин туунду компаниябыз болгон “Asman Airlines” алгач ички каттамдарды баштаган. Биз канадалык DHC-8 Q400 учактарын сатып алганбыз, учурда паркта үч учак бар, төртүнчүсү кол коюу стадиясында турат. Ал эми эл аралык каттамдар үчүн “Airbus A320” учактарын алып жатабыз. Европага чейин учууга жөндөмдүү, эң чоң жана узартылган A321 моделине токтолдук. Белгилей кетүүчү жагдай, биз келечекти карап жатабыз,  Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгууга жакындап калдык, ошондуктан түз каттамдарды жок дегенде Чыгыш Европага ачууга даяр болушубуз керек.

— “Кара тизмеге” кененирээк токтолсок. Бул иш азыр кайсы этапта?

— Көзөмөлдөөчү орган — Жарандык авиациянын мамлекеттик агенттиги түзүмдү, ченемдик базаны өзгөртүү жана адистерди окутуу боюнча чоң иштерди жасады. Европалык аудиторлор буга чейин эки-үч ирет алдын ала аудит менен келип кетишти. Азыр фиништик этаптабыз: март айында Евробиримдик акыркы аудитти өткөрөт, ал эми май айында алар өлкөнү тизмеден чыгаруу боюнча корутунду бериши керек. Негизи май айы окуяларга абдан бай болот: бул мезгилге “Манас” жана “Ош” аэропортторун реконструкция да аяктайт деген пландарыбыз бар.

— Оң натыйжага канчалык ишенесиз? Евробиримдиктин Кыргызстанга каршы санкциялык чектөөлөрдү талкуулоосу буга таасир этпейби?

— Биз сөзсүз чыгабыз. Евробиримдик бардык багыттар боюнча өсүш динамикасын жогору баалап жатат. Президент бул маселени жеке көзөмөлүндө кармап турат, европалыктар муну жогору баалашат. Биздин кеңешчилер да мүмкүнчүлүктөр жогору экенин айтышууда, азырынча эч кандай терс жактарын көрбөй элебиз. Санкцияларга келсек, авиация — таптакыр башка, өзүнчө тармак. Менин билишимче, кеп жеке адамдарга же компанияларга карата чектөөлөр жөнүндө болушу мүмкүн, бирок жалпы мамлекетке каршы эмес. Коопсуздук жана стандарттар жагынан толугу менен даярбыз. Жаңы учуп-конуу тилкеси, үчүнчү категориядагы жарык берүү системасы бар. Акыркы 3,5 жылда 35 млн доллардан ашык каражатка 185 даана жаңы техника сатып алдык.

— Ири авиакомпаниялар бул өзгөрүүлөрдү баалаштыбы?

— Албетте. Алар жыл сайын бизге аудит менен келип турушат. Анда техниканы, тейлөөнүн ылдамдыгын жана сапатын, кызматкерлердин компетенттүүлүгүн текшеришет. Авиакомпаниялар үчүн жердеги ар бир мүнөт чыгым деп эсептелинет. “Wizz Air” авиакомпаниясы менен тажрыйба болгон, алар учакты кайра учурууга 40 мүнөт гана убакыт беришчү. Бул убакыттын ичинде биз жүргүнчүлөрдү түшүрүп, салонду тазалап, май куюп, техникалык тейлөө көрсөтүп, кайра учурууга жетишишибиз керек болчу. Азыр биз мындан да жогорку стандарттарга жооп беребиз.

— “Манас” аэробекет комплексин реконструкциялоо адистерге эле эмес, жүргүнчүлөргө да байкалып жатат. Алдыда дагы кандай өзгөрүүлөр болот?

— Эски имарат 50 жыл мурда курулуп, аянты 39 миң чарчы метр болчу. Азыр 20 миң чарчы метрге кеңейтип жатабыз. Каттоо текчелери 25–30дан 60ка чейин көбөйөт. Жүктөрдү берүү системасын толугу менен өзгөртүп жатабыз. Үчүнчү өлкөлөрдөн келген каттамдар жана Бажы биримдигиндеги өлкөлөр үчүн (үч лента) жана ички каттамдар үчүн (эки лента) өзүнчө чыгуучу жолдору бар атайын ленталар орнотулат.  Бул кезектерди жана жүргүнчүлөр агымынын аралашуусун азайтат. Ошондой эле жүктү автоматташтырылган сорттоо системасы орнотулат. Бул кезек күтүү жана жүргүнчүлөрдүн агымынын аралашуу көйгөйүн чечет. Мындан сырткары, адам эмгегинин, каталарды жана жүктөрдүн бузулушун алдын алуу үчүн жүктөрдү сорттоочу автоматташтырылган система орнотулууда.

— Бул максатта олуттуу инвестициялар жумшалса керек?

— Биз жүргүнчүлөргө жана өнөктөштөргө ыңгайлуулук үчүн инфраструктурага каражат жумшоого милдеттүүбүз. Мындан тышкары, “Fast Track” системасын киргизип жатабыз, ал эми стерилдүү зонадагы “Duty Free” аймагы 5 миң чарчы метрге кеңейет. Биз “базар” форматынан чыгып жатабыз, эми башаламан соода болбойт. Дүйнөлүк бренддерди тартып жатабыз. Мисалы, “Burger King” буга чейин аянттарга аудит жүргүзүп, кирүү планын түздү. Кыргызстанда алардын ресторандары азырынча жок болсо да, бул биз үчүн өзгөчө окуя. Ошондой эле “Boss”, “Costa Coffee” пайда болот. Биз аэропорт ижара акысын гана эмес, кирешеден да үлүш алышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

— Аэропорттун айланасындагы инфраструктура кандай болуп өзгөрөт?

— Аэробекеттин маңдайына 650 унаага ылайыкталган беш кабаттуу жабык автопаркинг куруп жатабыз — бул мурункуга караганда үч эсе көп. Ал жерден жабык өтмөк аркылуу көчөгө чыкпай эле түз терминалга өтүүгө болот. Бир эле учурда көбүрөөк учактарды тейлөө үчүн телескопиялык траптардын (гейттердин) саны төрткө чейин көбөйөт.

— Бул долбоорлор менен эле чектелбесеңиздер керек. Биз Бишкекте “Авиатор” бизнес-борборун жана Ысык-Көлдө курорт куруу пландары тууралуу билебиз…

— Ооба, биздин Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жер тилкебиз бар. Кытайлык инвесторлор менен 20-25 кабаттуу “Авиатор” бизнес-борборун куруу боюнча келишимге кол койдук. Инвестициянын көлөмү болжол менен 25 млн доллар. Ал жерде кеңселер, мейманкана, ресторандар жана эң негизгиси,  чатырында тик учак коно турган аянтчасы болот. Ал жерге авиация рыногунун бардык катышуучуларын чогултууну каалайбыз.

Ал эми Ысык-Көлдө болсо биздин жеке пляж зонасы бар 10 гектарга жакын жерибиз бар. “Авиатор Резорт” долбоорун өз алдынча ишке ашыруу пландарыбыз бар. Анын негизги өзгөчөлүгү — авиациялык тематика. Бизде аянты 400 чарчы метрдей болгон, эсептен чыгарылган чоң учак бар. Аны реставрациялап, ичине ресторан жасайбыз. Ал эми мейманкананын номерлеринин ар бири учактардын белгилүү бир моделдерине (Ил-76, Ту-154, “Airbus”) арналып, тарыхый маалыматтар жана сүрөттөр менен кооздолот. Бул жөн эле эс алуу эмес, авиация тармагын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жай болот.

Scroll to Top