Оштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат

Ош шаарындагы курулуш иштери бүтпөй калган бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта, курулуш министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.
Министрдин айтымында, тийиштүү документтери жок жана жумуштары токтоп турган имараттардын курулушун министрлик өзү бүткөрөт. Министрлик объекттерди ишке берүү үчүн документтерди тариздөө жана бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө милдетин өзүнө алды.
Ошондой эле, курулушу аяктаган тогуз объект боюнча атайын комиссия түзүлөт. Аталган комиссия текшерүү жүргүзүп, документтерди бүтүргөндөн кийин подрядчыларга тийиштүү каражаттар төлөнүп берилет.
Курулуштарды аяктоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттар республикалык бюджеттен жана стабилдештирүү фондунан бөлүнөт. Министр бул кадам шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана башталган долбоорлорду аягына чыгаруу максатында жасалып жатканын белгиледи.