Сурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева журналисттерди кайрадан сынга алган депутат Эрулан Кокуловдун сөзүнөн кийин, парламенттин төрагасына кайрылып, трибунаны жеке билдирүүлөр жана таарынычтар үчүн колдонуу тажрыйбасына бөгөт коюуну суранды.
Сурабалдиева парламенттин трибунасы жеке дооматтарды айтуу үчүн эмес, коомдук маанилүү маселелерди жана шайлоочулардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн экенин эскертти. Анын айтымында, нааразычылыктарды подкасттарда же ЖМКлар аркылуу билдирсе болот.
Ал өзү да маалыматтык чабуулдарга дуушар болгонун, бирок жеке кызыкчылыктарды парламенттик трибунага алып чыгууну туура эмес деп эсептей турганын билдирди.
Мындан тышкары, эл өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасын бардык депутаттарга тең мамиле жасоого жана сөз берүүдө тандалма мамилеге жол бербөөгө чакырды.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Эрулан Кокулов сүйлөө үчүн фракциянын 10 мүнөттүк убактысын сурап, ЖКККББнын (ГУОБДД) басма сөз катчысына карата нааразычылыгын билдирген. Басма сөз катчы социалдык тармактарга Кокулов катышкан видеону жүктөп, журналисттер анын президентке кайрылуусун бурмалап жатканын айткан. Депутаттын пикиринде, аны каралоо менен алектенген бүтүндөй «журналисттик мафия» бар.