Кыргызстандын аймагында 18-апрель саат 10:00гө карата дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
- Ош облусунда –5
- Ош шаарында –1
- Нарын облусунда –11
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 506га жетти.