Өкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти

18.03.2026 | 14:43

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, ата мекендик зергерлерге баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөт. Бул чара зергердик тармакты чийки зат менен камсыз кылуу жана өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында кабыл алынган.

Жаңы тартип боюнча, баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу сатып алуу пункттары жана күрөөканалар өздөрүндөгү металлдардын жана таштардын сыныктарын, ошондой эле зергердик буюмдарды (даяр буюмдарды кошпогондо) тийиштүү мамлекеттик органга сатууга укуктуу.

Scroll to Top