Бишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулат

18.03.2026 | 15:06

Белгилүү лингвист жана түрк тилдерин изилдөөчү Иштван Коңур Мандокинин элеси Кыргызстандын борбор калаасында түбөлүккө калтырылат. Мемориалдык такта окумуштуу республикага жасаган илимий сапарлары учурунда жашап жана эмгектенген имаратка коюлат.

Салтанаттуу ачылыш аземи 19-мартта саат 10:00дө Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялык мектеп-лицейинин имаратында өтөт. Бул тууралуу Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иштван Коңур Мандоки — түрк элдеринин тарыхын, маданиятын жана алардын байыркы мажарлар менен болгон тилдик байланыштарын изилдөөгө зор салым кошкон венгр окумуштуу-түркологу. Анын илимий методунун негизин талаа изилдөөлөрү түзгөн: Борбордук Азияга жасаган экспедициялары ага уникалдуу этнолингвистикалык материалдарды топтоого мүмкүндүк берген. Мандокинин илимий кызыкчылыгынын өзгөчө багыты кыпчак таануу — кыпчак тобундагы тилдерди жана тарыхты изилдөө болгон.

Окумуштуунун салымы академиялык ишмердүүлүк менен эле чектелбейт: анын эмгектери Венгрия менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн. 2024-жылы Иштван Коңур Мандокинин туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата Венгриянын Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүгү анын өмүрү жана илимий мурасы тууралуу китептин бет ачарын өткөргөн. Басылма «Коңурдун коңгуроосу» деген аталыш менен жарык көргөн.

Scroll to Top