Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

20.03.2026 | 09:32

Бүгүн, 20-мартта, өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандык мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Рамазан айынын маанисине, коомдогу биримдикке жана дүйнөлүк кырдаалга токтолду.

Президент Рамазан айы мусулмандар үчүн руханий тазалануунун жана сабырдуулуктун мезгили экенин белгиледи.

“Бул мезгилде адамдар ыйманын бекемдеп, бири-бирине жакшылык кылууга умтулуп, муктаждарга жардам берүү, боорукерлик жана адилеттүүлүк сыяктуу асыл баалуулуктарды жогору коюшат. Ушундай руханий нарктар коомубуздагы өз ара урмат-сыйды, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө кызмат кылат”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөнүн башка аймактарындагы куралдуу жаңжалдарга токтолуп, тынчтык орнотуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштук жаңжалдар менен чыңалуулар эртерээк токтоп, бардык элдер үчүн тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орносун деген тилегибизди билдиребиз”, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ички ынтымак негизги фактор экенин билдирди.

“Биздин элибиз көп этностуу, көп түрдүү болсо да биздин күч – биримдикте, ынтымакта жана өз ара ишенимде. Ушул баалуулуктарды бекем сактоо менен гана өлкөбүздү өнүктүрүп, келечек муундар үчүн күчтүү жана бакубаттуу мамлекетти кура алабыз”.

Кайрылуусунун соңунда Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана бакыт тилеп, мамлекет мындан ары да өнүгүү жолунда бара жатканына ишеним билдирди.

Scroll to Top