Кыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди

20.03.2026 | 09:48

Министрлер кабинети Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, мындан ары жыл сайын 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул чечим санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын институттук деңгээлде таануу максатында кабыл алынды.

Кесиптик күн тармактын бардык өкүлдөрүн — мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринен тартып IT-бизнес чөйрөсүндөгү адистерге чейин камтыйт. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Scroll to Top