21-мартка карата аба ырайы

21.03.2026 | 10:00

Бүгүн, 21-мартта, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнүнө жана Чычкан капчыгайында жаан жаайт. Ал эми калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык жана бир аз булуттуу болот. Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 14…16°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 4…6°C, күндүз 18…20°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 5…7°C, күндүз 19…21°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 3…5°C, күндүз 17…19°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-4°C, күндүз 8…13°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -4…-6°C, күндүз 5…7°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 3…5°C, күндүз 16…18°C болот.
Scroll to Top