Ош шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалдыАКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Черногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
23.03.2026 | 09:32

23-24-март күндөрү Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушат.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат