ЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам беришти
Россиянын «Кант» авиабазасынын өздүк курамы кайрымдуулук акциясын өткөрүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган тургундарга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу авиациялык бөлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык демилгенин алкагында офицерлер төрт бала тарбияланып жаткан көп балалуу үй-бүлөгө тамак-аш азыктарын, кийим-кече, оюнчуктарды жана башка тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырышты. Ошондой эле неберелерин жалгыз тарбиялап жаткан карыган аялга жардам көрсөтүлдү: ага азык-түлүк топтомдору жана эң керектүү буюмдар жеткирилди.
Мындан тышкары, аскер кызматкерлери гуманитардык жүктүн бир бөлүгүн Ыйык Кудай Эненин (Покрова Пресвятой Богородицы) чиркөөсүнүн алдындагы социалдык бөлүмгө өткөрүп беришти. Чиркөө уюмунун ыктыярчылары алынган буюмдарды жана азык-түлүктөрдү муктаж болгон шаар тургундарына тез арада бөлүштүрүп беришти.
Мындай акциялар калктын аялуу катмарын колдоого жана жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоо багытталган.