Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Түркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттү
16.03.2026 | 16:18
Түркиянын Невшехир провинциясында «Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу — Чыңгыз Айтматов» аттуу конференция жана сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Гюрай жер астындагы керамика музейинде уюштурулган бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн алдыдагы 35 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Иш-чаранын демилгечилери катары «EkoAvrasya Vakfı» фонду, «TÜRKSİT» түрк дүйнөсүнүн жарандык коомдор аралык кызматташтык ассоциациясы жана Чыңгыз Айтматов институту чыгышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев залкар жазуучунун мурасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, Айтматовдун чыгармалары жалпы руханий байлык болуп саналат жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн элдерин бириктирген маанилүү маданий көпүрө катары кызмат кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Чыңгыз Айтматов