Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат

23.03.2026 | 16:10

Барскоон – Каракол унаажолунун жалпы 75 чакырымын кайра куруу долбоорунда 5 көпүрө жана 8 жер алдындагы өтмөк курулат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Учурда подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери аяктады.

Азыркы тапта жолдун четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери аткарылып жатат. Мындан тышкары, калктуу конуштарда тротуарлар салынып, жарыктандыруу системалары орнотулат.

Курулуш иштери 2028-жылы бүткөрүлөт. Объектинин кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт. Бул долбоор аймактагы транспорттук байланышты жакшыртууга жана туристтик агымды көбөйтүүгө багытталган.

Scroll to Top