Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болот
17.03.2026 | 14:54

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында таза суу менен камсыздоо системасынын курулушу аяктоодо. Долбоор айылдын 3 миңден ашык тургунун ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, курулуштун алкагында суу сактоочу резервуарлар жана хлоратордук курулмалар орнотулду. Суу алуучу жайлар жаңыланып, узундугу 17 чакырымдан ашык суу түтүктөрү тартылды. Система ишке киргизилгенде 537 кожолук борборлоштурулган тармакка туташтырылат.
Иштерди министрликке караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жүргүзүүдө. Долбоор «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом