Араванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталды

23.03.2026 | 16:50

Оштун Араван районундагы Жар-Кыштак айылында жайгашкан көмүскө кумар оюндарын ойноочу жай аныкталды. Аны уюштурууга шектелип, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. кармалды.

УКМКнын маалыматында, аталган жай тиешелүү уруксат кагаздарысыз жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн иштеп келген.

Тинтүү иштеринин натыйжасында интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом акча каражаты, ошондой эле кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар далил катары алынган.

Аталган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылган. 19-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен Х.Ш. жана С.Ш. УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top