Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарышты

23.03.2026 | 17:48

Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштери башталып, анын натыйжасында бүгүн, 23-мартта, Түп районунун Өрүктү айылынын тушунан 10 эски тор чыгарылды. Алардын узундугу болжол менен 1000 метрди түзөт.

Тазалоо иштерин Суучулдар кызматынын суучулдары жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, жыл сайын көлдүн түбүн балык уулоочу торлордон жана башка калдыктардан тазалоо иштери жүргүзүлүп келет. Былтыр, 2025-жылы, Ысык-Көлдөн 159 миң 100 метр тор чыгарылган.

Scroll to Top