Бишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?

24.03.2026 | 14:43

Кыргызстандын борбору Бишкектеги белгилүү муралдардын дээрлик жарымы“чыгармачыл бирдик” Алиса менен Валерий Катревичтердин эмгегинен жаралган. Биргежашаган 18 жылдык өмүрүндө чогуу иштеп келе жаткан сүрөтчүлөр өздөрүн бирбүтүнбүз деп эсептешет. Reporter.kg алардын эмгегинен жаралган “катревичтик” жайларды кыдырып, эмне үчүн Кыргызстанда кызыл өң бат оңо турганын, чебердин колу титиреп тарткан орнаментти кантип калыбына келтирүүгө болорун жана портрет тартуу үчүн эмнеге таңкы саат 4тө ойгонуу керектигине кызыкты.

Күн жаңыдан баш багып келе жаткан эртең мененки маалда Чүй проспектиси мененСүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде эл өзгөчө көп болот. Өткөн-кеткендер кээде ганадубалга көз салышат, ал жерде Кыргыз Республикасынын Баатыры — АхматбекСүйүмбаевдин жаш элеси чагылдырылган. Анын алысты караган көз карашы, ал эмиартында булуттар жана асман тиреген бийик тоолор турат. Мындан үч жарым жыл мурунпайда болгон бул мурал шаардын көрктүү жерлеринин бирине айланды.

Бул эмгектин авторлору Алиса менен Валерий Катревичтер бул муралды эң сүйүктүү жанаэң татаал иш деп эсептешет. 

— Татаалдыгы эмнеде болду? Анын кызы Айнура Сүйүмбаева атасынын көз карашынжакшы билчү да, — дейт Алиса дубалды көрсөтүп. Биз үчүн ошол көз карашты дал өзүндөй тартуу маанилүү эле. Интернеттен баарыбыз эле сүрөттөрдү көрөбүз, бирок адамдар баатырлар менен жекеме-жеке тааныш эмес. Ал эми бул жерде жүзү жаш жанатегиз — беттин түзүлүшүн, архитектурасын куруу кыйын.

Окуя 23-декабрда, катуу суукта болгон. Колдор тоңуп, ал эми жыйынтыкты баалоо үчүнсүрөтчүлөр тынымсыз көчөнүн аркы өйүзүнө чуркап өтүүгө туура келген. Анткени жакынаралыктан монументалдык сүрөт даана көрүнбөйт.

— Жолдун аркы өйүзүнөн карасак, такыр ал эместей сезилет. Көз карашы башкача… — дейт сүрөтчү айым. Коркуп кеттик, каягын оңдоо керектигин белгилеп алдык. Кайра оңдоп тартып, дагы чуркап барып карасак, бул ирет так окшоптур! Кызына сүрөтүнжөнөтүп жиберип коюп толкунданып күттүк, ал: «Бул атам го», — деди. Ошондо ганаийинибизден оор жүк түшкөндөй жеңилдей түштүк.

Ак-кара сүрөттү сүрөтчүлөр жандандырып, ага түс жана талаанын жылуулугун кошушкан. Ал эми артындагы тоолор толугу менен импровизация. 

— Тоолор бул бүтүндөй Кыргызстан, — деп түшүндүрөт Валерий. Баатыр алардыналдында турат, өлкөнү коргоп жаткандай. Бул жаштар үчүн патриоттук мисал. Жаштар өзөлкөсү, баатырлары жөнүндө көп нерсени биле беришпейт. Биз аталарыбыздын муунунүлгү катары көрсөттүк.

Сүрөтчүлөрдүн өзгөчө сыймыгы бул боёктордун туруктуулугу. Бишкектин аптабында үчжыл тургандан кийин да мурал жаңы тартылгандай көрүнөт. — Биз Кыргызстанда кызылтүс башка түстөргө салыштырмалуу баарынан тез өчөрүн билебиз. Күн абдан ачуу тийет. Бирок бул жерде түс кандай болсо, ошо бойдон калды, — дейт Алиса.

Эскизден да маанилүү изилдөө

Учурда үй-бүлө кезектеги ири долбоордун үстүндө иштеп жатат, бирок Бишкекте алардынбүткөн төрт муралы бар (бешинчиси — Жусуп Баласагындын муралы, ал имаратбузулганда кошо жок болгон). Эң көрүнүктүүлөрүнүн бири алгачкы орусча-кыргызчасөздүктүн автору Константин Юдахиндин муралы. Ал КРСУнун филиалынын дубалындажайгашкан жана гуманитардык факультеттин студенттерине көз салып тургандай сезилет. Портреттин жанындагы жазууда: «Улуу орус кыргызы» деп жазылган.

Reporter.kg маалымдамасы:

Константин Юдахин Борбор Азия мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдерифакультетин бүтүрүп, көп убакыт өзбек тили менен алектенген. Кийинчерээк уйгурча-орусча сөздүк түзүп, 1940-жылдары гана кыргыз тилине өткөн. 1944-жылы Кыргызстандын Эл Комиссарлар Совети Юдахинди Фрунзеге сөздүк үстүндө иштөөгөчакырган. Ал 1967-жылы эң чоң кыргызча-орусча сөздүгүн чыгарып, ал үчүн СССРдинМамлекеттик сыйлыгын алган.

Бул сүрөттүн пайда болушу кызыктуу окуя менен коштолгон. Валерийдин айтымында, буюртмачы башка топторго кайрылган, бирок эскиздери жаккан эмес.

— Ал жерде Юдахин эмес, колуна шам кармаган кандайдыр бир монах тартылган экен, — деп тамашалайт сүрөтчү. Ал эми бизде баары жөнөкөй. Каарман, адам жана анын өмүрлүкиши бар. Баса, бул адамдын эмгек китепчесинде «Өлүмүнө байланыштуу жумуштанбошотулду» деп жазылган жалгыз адам. Башкача айтканда, ал өмүрүнүн акырына чейиништеген.

Валерий лингвисттин тагдыры жөнүндө шыктануу менен айтып берди. Ал кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанисин изилдеген. Жаңы сөз укса эле Ысык-Көлгө жөнөчү. Мамлекет берген өзүнө таандык “Волга” унаасы бар эле, сөздөрдүн маанисин билүү үчүнбардык айылдарды кыдырган. Сөздүк үчүн эле эмес, фольклорду, эски уламыштарды да жыйнаган. Кыргызча мыкты сүйлөчү.

Эскиз алты күндө бекитилген, бирок ишти жамгыр кечеңдеткен. Алиса бийиктиктенкоркуу сезими менен күрөшкөнүн мындайча эскерет: бийикке көтөрө турган техниканыарыктын жээгине коюуга туура келип, машинанын салмагынан жер оюла баштаган, аларболсо бийиктикте каскасы жок, коопсуздук куру менен иштешкен.

Милдеттердин өз ара бөлүнүшү

Бул тандемде жубайлардын ар биринин өз жоопкерчилиги бар. Валерий масштабга, архитектурасына жана көлөмдүү жерлерге, тоолорго, токойлорго, асманга жооп берет. Алиса болсо кездемеге сүрөт тартуу боюнча билими бар болгондуктан, майда-чүйдөлөргө: кулак, көз, пиджак, колдор жана чакан орнаменттерге көңүл бурат.

Бул эмгекти бөлүштүрүү өзгөчө «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанындагы легендарлуу «Ак-Суу» павильонун реставрациялоо учурунда даана байкалган. 1952-жылы курулган булпавильон (архитектор Александр Альбанский, скульптор Ольга Мануйлова) узак убакыткароосуз калган. Бирок реконструкциядан кийин 1997-жылы уста Райфиддин тартканкүмбөздөгү сүрөттү калыбына келтирүү зарылчылыгы пайда болгон.

Бишкектеги «Ак-Суу» павильону (Суусундуктар жана ширелер):

1930-жылдардын аягында Чүй облусунда минералдык суунун булагы ачылып, ал табылганжерине жараша «Ак-Суу» капчыгайы деп аталган. Бул Тянь-Шань аймагында өнөржайлык негизде чыгарылган биринчи минералдык суу болгон. Суу дарылык касиетименен бааланып, союздук республикалардын партиялык элитасы арасында популярдуубелекке айланган.

Кийинчерээк бийлик объектке монументалдуу көрүнүш берүүнү чечкен. Архитектор Александр Альбанский жаңы имараттын долбоорун иштеп чыккан. Фасаддары кыргыз улуттук ою-чиймелери менен кооздолгон. Павильондун борборуна постаментке скульптор Ольга Мануйлованын эмгеги — кыздын айкели орнотулган. Имараттын айланасынабакалардын скульптуралары менен кооздолгон фонтан бассейни курулган.

2024-жылы мэрия павильонду «Калыбай Херитейдж» коомдук фондуна ижарага берип, калыбына келтирүү иштерин тыкыр көзөмөлдөө шартын койгон. Фонддун жетекчисиМухтар Сартманов сүрөттөрдү реставрациялоого Алиса менен Валерий Катревичтердитарткан.

Катревичтердин алдында дээрлик детективдик, интернетте эч кандай маалымат жок сүрөтчүнүн стилин, кол жазмасын таап чыгуу милдети турган. 

— Түстөр өзгөчө тандалган: кызыл, терракота, охра — отту, күчтү, энергияны билдирет, — деп Валерий күмбөздү көрсөтөт. Ал эми суу да сөзсүз бар. Көрдүңүзбү? Бул суунунсимволдору. Баары күзгүдөй кайталанган орнаменттер менен айкалышкан: эркек жана аялбашаты, айлампа кыймыл, спираль. Биз ошол эле логиканы кармашыбыз керек болчу. Мында оригинал толугу менен кол менен тартылган, эч кандай трафарет же шаблон колдонулган эмес.

— Кайталанган элементтер да жок, — деп Алиса дагы эле таң калат. Кээ бир жерлерде кол титиреп кеткен, кээ бир жерлерде сызык түз эмес. Башында трафарет колдонобуз дедик, бирок ал баарын кол менен тартканын түшүндүк. Адамдар бул жерге киргенде 1997-жылдагыдай сезимди башынан өткөрүшү үчүн дал ошол геометрияны калыбынакелтиришибиз керек эле.

Процессти дагы бир жагдай татаалдаштырган: ишти күндүз гана жасоого мүмкүн болгон, анткени жасалма жарык түстөрдү бурмалап жиберчү. Сегиз күн бетин даярдоого кетсе, андан кийин кыл калем менен медитация башталган.

Жазуучутоолор жана таңкы төрт

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков башка бир бишкектик үйдүн дубалында күрөң-саргычөңдө эски сүрөттөй тартылган. Портрет тарыхый чөйрөгө шайкеш кириши үчүн атайыначык түстөрдөн баш тартышкан. Сүрөтчүлөрдүн айтымында, баштапкы сүрөт абдансапатсыз болгондуктан, көп нерсени кайра ойлоп табууга туура келген.

Reporter.kg маалымдамасы:

Түгөлбай Сыдыкбековдун муралы Манас проспектиси, 49 дарегинде жайгашкан. Ал 2023-жылдын июль айында борбор калаанын мэриясынын демилгеси менен тартылган.

Технологиялык жактан да кыйынчылыктар болгон. Иш июль айындагы ысык аптаптажүрүп, асма себет (люлька) ушунчалык ысыгандыктан, боёк чачкычтарды күйгүзүпжатты. Таңкы саат төрттө туруп иштеп, түшкө чейин бүтүрүүгө туура келген.

Мурал vs стрит-арт

Валерий бул түшүнүктөрдү так ажырата алат: Мурал бул монументалдык иш. Масштаб, идея жана ошол идеяны ишке ашыруу. Стрит-арт бул жөн гана так, иттин же мышыктынсүрөтү же сүрөтчүнүн өз атын жазып кеткени. Сүрөтчүлөр мурунку чеберлердинмурасына аяр мамиле кылышат. Валерий Сатар Айтиевдин КУУнун имаратындагы«Агартуу жолу» мозаикасына дагы эле суктанат.

Reporter.kg маалымдамасы:

Сатар Айтиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү. 1945-жылы туулган. Негизинен станоктук живописте иштеп, смальта мозаикаларын жараткан.

Чайырдын сыйкыры жана кардардын энергиясы

Дубалдардан тышкары чыгармачылык жөнүндө сөз болгондо, Алиса ого бетер жанданатүшөт. Сегиз жылдан бери ал эпоксиддүү чайыр (смола) менен иштеп, сыйкырдуужасалгаларды жасайт. Алардын ичинде чыныгы көпөлөктүн канаттары, гүлдөр жанакристаллдар бар.

— Мен бир нерсени түшүндүм: бул ишке жакшы маанай менен гана киришүү керек, — дейт Алиса. — Анткени көңүлүң жок кезде жасаган буюм кооз болсо да, адамдар анысатып алышпайт. Кандайдыр бир жол менен адамдар энергияны сезишет.

18 жыл бою 24/7 чогуу болгонуна карабай, алар эң узакка беш күнгө эле ажырашкан. «Кыскасы, жумушта да, жашоодо да бири-бирибизди таптык. Эки жарым, бир бүтүнбүз», — дешет алар. Алиса башын ийкеп макул болду. Анын сөйкөсүндөгү көпөлөк канаттарыазыр жанданып кетчүдөй кубулат. Кудум Бишкектин дубалдарындагы бул үй-бүлө кылкалем менен жандандырган баатырлардын көз караштары сыяктуу.

Scroll to Top