ТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдө

25.03.2026 | 09:57

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан тарта Кытайда мейманканалардан тышкары жашаган чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы тарабынан киргизилген бул система административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Учурда долбоор Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында ишке ашырылууда. Келечекте бул тажрыйбаны өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландалууда.

Кытайдын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мейманканаларда жашаган жарандар администрация тарабынан катталат. Ал эми мейманканадан тышкары жерде жашаган чет өлкөлүк жарандар же кабыл алуучу тарап 24 сааттын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү.

Каттоону онлайн форматта төмөнкү платформалар аркылуу жүргүзүүгө болот:

  • КЭРдин миграция кызматынын “移民局 12367” мобилдик колдонмосу;
  • “WeChat” жана “Alipay” системаларындагы атайын программалар.

Белгиленгендей, онлайн каттоо коомдук коопсуздук органдарына жеке кайрылуу аркылуу жүргүзүлгөн каттоо менен бирдей укуктук күчкө ээ.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жашаган жерин каттоо боюнча талаптарды так сактоону сунуштайт.

Scroll to Top