Binance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздү
Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
25.03.2026 | 11:27

Кыргызстанда кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат. Бүгүн, 25-мартта, Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия эмгектин долбоорун карап, анын түзүмү менен мазмундук багыттары бекитти. Кеңешме мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде жазыла турган китептин автордук курамы аныкталып, кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.
Мындан тышкары жыйында Бишкек шаарында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплекс түзүү демилгеси талкууланды. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.