Жогорку айлык жана «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчисинин кайтып келиши. Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирлери
Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында алтын казуучу ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк өзүнүн Facebook баракчасында президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жарыялады. Анда ал баштаган ишин аягына чыгарууга жана Кыргызстанды гүлдөтүүгө жардам бергиси келгенин жазган. Бөлтүрүктүн айтымында, алар биргелешип иштеши үчүн адилеттүүлүктү жана юридикалык тазалыкты калыбына келтирүү зарыл. Тактап айтканда — анын акталышы жана репутациясынын калыбына келиши үчүн коррупция боюнча кылмыш ишин кайра кароону демилгелөө. Ошондой эле анын пикиринде, негизсиз төлөнгөн айып пулду кайтарып берүү жана холдингдеги эмгек акы боюнча карыздарын төлөп берүү талаптары коюлган.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары кандай пикирде экенин билүү үчүн Reporter.kg аларга комментарий сурап кайрылды.
«Мен 2020-жылдагыдай эле Сизге кайрадан колдоо көрсөтүүгө даярмын. Ошондо 2026-жылдын август айына (президенттик шайлоого — ред.) карата талашсыз экономикалык жетишкендиктер менен бара аласыз деп ишенем. Сиздин акылмандыгыңызга үмүт артам жана өлкөбүздүн келечеги үчүн бул жагдайды артта калтыра алабыз деп ишенем.
Урматтоо менен жана кызматташууга үмүт менен,
Теңиз Аяпберген уулу Бөлтүрүк», — деп жазган «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчиси.
Белгилей кетсек, Теңиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында сот тарабынан коюлган 642 миллион сом айып пулду айтып жатат. Бул сумманын ичинен ал өзү, биздеги маалымат боюнча, болгону 10 миллион сом төлөгөн. Ошондой эле сөз анын өзү түзгөн «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингиндеги эмгек акысы тууралуу болууда. Холдингди түзүү чечими 2021-жылы кабыл алынып, анда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ага каршы чыгышкан. 2022-жылы Бөлтүрүк кармалгандан кийин компаниянын иши токтотулган. 2023-жылы холдингдин уставдык капиталы республикалык бюджетке кайтарылып, өзү жоюлган.
Мурдагы «Кумтөр Голд Компани» ААКсынын жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси катары анын ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде 2021-жылдын август айында ал «Кумтөрдөгү» айлык акысын 40 миң долларга чейин көтөрүп, декабрь айында 55 миң долларга жеткирген. Муну негиздеген документтер көрсөтүлгөн эмес.
Азыр ал өзүнүн айлыгын квалификациясынын жана жоопкерчилигинин деңгээли менен түшүндүрүүдө. Анын айтымында, лицензияланган инженер катары көп жылдык тажрыйбасы бар болгондуктан, ал ири жана татаал долбоорлорду башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алган. Ал кирешеси рыноктук деңгээлге туура келгенин жана мурдагы жетекчилердикине окшош болгонун, бирок кошумча бонустарсыз жана жашыруун төлөмдөрсүз экенин белгиледи. Ошондой эле ал өз ишмердүүлүгүнүн учурунда көзөмөл күчөтүлүп, жоготуулар кыскарганын, бул мамлекетке олуттуу экономикалык пайда алып келгенин айтты. Анын пикиринде, бул жерде «ашыкча айлык» эмес, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жыйынтык үчүн стандарттуу акы тууралуу сөз болуп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул тууралуу эмне дешет?
Reporter.kg журналисти Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары менен Бөлтүрүктүн кызматташуу сунушу жана анын айлыгынын өлчөмү тууралуу маектешти. Эске салсак, жакында эле парламентарийлер Курулуш министрлигинин айрым кызматкерлеринин 500 миң сомго жеткен айлыктарына нааразы болушкан.
Дастан Бекешев:

«Албетте, ал үчүн бул кадимки эле айлык, бирок Кыргызстан үчүн бул өтө жогору маяна. Мындай айлык дагы кайда жана кимге төлөнөрүн да билбейм. Бул өлкөдө президент да, УКМК төрагасы да, башка эч ким да мынчалык албайт. Атүгүл жеке түзүмдөрдө да жок», — деп түшүндүрдү депутат.
Бекешев ошондой эле ал түзгөн «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги — салык төлөөчүлөрдүн акчасы агып кеткен жөн эле «тешик» болгонун белгиледи.
«Жана буга эч ким жооп берген жок. Бул холдинг түзүлүп жатканда, алар Жогорку Кеңешке келип 7 миллиард сом сурашкан. ЖК анда мындай болбойт деп, ал акчанын жарымын гана бөлүп берген. Бардык 7 миллиардды берүүгө макул болбогонубуз жакшы болуптур. Ал эми анын азыр иштөөгө даярмын деген билдирүүсү боюнча айтсам, менимче, учурда Бөлтүрүккө эч ким муктаж эмес», — деп жыйынтыктады парламентарий.
Эльвира Сурабалдиева:

«Бөлтүрүктүн эмгек акысы боюнча айтсам, менимче, ал кезде өзгөчө кырдаалда ага мындай айлыкты дайындоого макул болууга туура келген окшойт. Ал чет элдик адис болчу, кийин Кыргызстандын жарандыгын алды. Балким, башка адистерди издөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес чыгар, анткени ал убакта «Кумтөрдү» кайтаруу жүрүп жаткан, кырдаал татаал болчу жана аны менеджер катары тартышкан», — деп белгиледи депутат.
Сурабалдиева анда депутаттар «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин түзүүнүн максатка ылайыктуулугунан күмөн санашканын кошумчалады.
«Бирок министрлер кабинети бизди бул улуттук кызыкчылыктардын маселеси деп ишендирген. Бирок жыйынтыгында биз алар уставдык капитал катары сураган бардык сумманы берүүгө макул болгон жокпуз жана ал каражаттын жарымынан азын бөлүп бергенбиз. Кийинчерээк бул чечимибизге өкүнгөн жокпуз», — дейт парламентарий.
Данияр Толонов:

«Анын айлыгы өзүнүн деңгээли үчүн бай, өнүккөн мамлекеттерде нормалдуу болушу мүмкүн. Ал эми бизде президент да мынчалык таппайт. Эгер ал өзүн өтө квалификациялуу жана суроо-талапка ээ адисмин десе, мен айтар элем: бизде «Кумтөрдөн» башка алтын казган компанияларда да мындай айлыктар жок. Ал кеткенден кийин «Кумтөрдө» иштеп жаткан башка адистер деле ошол эле функцияларды аткарып жатышат. Ошондой эле казып алуу иштерин мыкты адистер алып барууда, бирок алардын айлыктары бир нече эсе аз. Ошондуктан мен бул айлык өтө эле жогору болгон деп эсептейм», — дейт ЖК депутаты.
Бахридин Шабазов:

«Мен анын эмгек акысынын өлчөмүн адекваттуу деп эсептейм. Бул жерде кеп Бөлтүрүктүн айлыгы жөнүндө эмес, бул кызматтагы квалификациялуу адистин айлыгы жөнүндө болуп жатканын түшүндүргүм келет. Мисалы, Казакстанда ири банктардын башкаруучулары 90 миң доллар алышат. «Кумтөр» — эбегейсиз чоң компания жана аны башкаруу бул чөйрөдө чоң тажрыйбаны, ошондой эле белгилүү бир жөндөмдөрдү жана сапаттарды талап кылат, ошондуктан мындай кызмат үчүн 55 миң доллар айлык нормалдуу эле деп эсептейм», — деп пикирин бөлүштү парламентарий.
Ал сөзүн мындай деп улантты
«Эгер ал квалификациялуу жана сейрек кездешүүчү адис болсо, анда эмнеге болбосун. Эгер мындай кызматка адис эмес адам келсе, анда компания жана өлкө кандай жоготууларга учурашы мүмкүн экенин элестетип көрүңүз», — деп эсептейт депутат.
Жыйынтыгында Теңиз Бөлтүрүктүн толук юридикалык реабилитациялоо шарты менен кайтып келүү демилгеси азырынча бийлик коридорлорунда колдоо тапкан жок. Улуттук холдингди түзүүдөгү ийгиликсиз тажрыйбаны жана 55 миң долларлык рекорддук айлыктарды эске алган депутаттык корпус, «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчисинин кызматына муктаждык жок деп эсептейт. Өлкөнүн саясий жетекчилиги үчүн Бөлтүрүктүн кайтып келүү баасы — өкүмдөрдү жокко чыгаруу жана каражаттарды кайтарып берүү — келечектеги экономикалык ийгиликтер тууралуу убадаларга караганда туура келбегендей (ашыкча) көрүнүп жатканы анык.