Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таануу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда киберспортту расмий спорттун түрү катары таанууну сунуштады. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтына коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты — Кыргызстанда киберспорттун (электрондук спорттун) өнүктүрүү үчүн укуктук негиз түзүү жана аны улуттук спорт системасына киргизүү.
Мыйзам долбоорунда каралган негизги өзгөртүүлөр:
- Киберспортту Кыргызстанда спорттун бир түрү катары таануу. Тиешелүү оюндар Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын улуттук реестрине киргизүү.
- Мектептерде жана жогорку окуу жайларда киберспорт боюнча командаларды түзүүгө, студенттик жана мектептик лигаларды, чемпионаттарды өткөрүүгө уруксат берүү.
- Мамлекет республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, киберспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кыргыз спортчуларынын чет өлкөлүк турнирлерге катышуусуна көмөк көрсөтүү.
- Өспүрүмдөрдүн мелдештерге катышуусу ата-энесинин макулдугу жана оюндун жаш курактык чектөөлөрүн сактоо менен гана ишке ашыруу. Уюштуруучулар оюнга көз карандылыктын алдын алуу чараларын көрүүгө милдеттендирилет.
Документтин негиздемесинде белгиленгендей, киберспорт дүйнөдө эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири. Аны өнүктүрүү үчүн стадион сыяктуу кымбат баалуу имараттарды куруу талап кылынбайт, учурдагы компьютердик технологияларды жана интернет тармагын колдонуу жетиштүү.
Мындан тышкары, киберспортту өнүктүрүү санариптик экономикада, IT-индустрияда жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эл аралык турнирлер аркылуу өлкөгө инвесторлорду жана туристтерди тартууга шарт түзөрү айтылат. Учурда киберспорт Кытай, Корея, Франция, Орусия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттерде расмий таанылган.