КРдин Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен электр кубаттоочу станцияларды өнүктүрүү боюнча кызматташат

Кыргызстандын Энергетика министрлиги бир катар Кытайлык компаниялар менен электр кубаттоочу станцияларды жана энергия сактоо тутумдарын өнүктүрүү багытында кызматташат. Мекеменин маалыматында, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга сапары менен барып, кытайлык компаниялар менен жолугушту.
Министр Таалайбек Ибраев алгач Жухай шаарындагы ShuiFa Group корпорациясынын өндүрүштүк заводуна барды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен корпорациянын ортосунда энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде заряддоо станцияларын жана энергия сактоо системаларын өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын башкы директору Юлинь Лян менен жолугушту. Тараптар электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап технологиялык чечимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын делегациясы ошондой эле Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда жабдууларды жеткирүү жана технологияларды локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, кызматташуунун багыттары макулдашылды.