ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
24.03.2026 | 10:38

24-28-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар жол тилкелери:
- Бишкек – Ош унаа жолу: 121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдар (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу: 68-74 жана 88-95-чакырымдар (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка – Акташ унаа жолу: 0-2-чакырымдар;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу).
Аталган аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коопсуздук үчүн унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет. Жарандарга зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай туруу сунушталат. Кырсык болгон учурда “112” кызматына чалуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом