Эми мамлекет жарандардын салык карыздарын банктык эсептеринен түздөн-түз өндүрө алат

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январынан тартып жарандардын банктык эсептеринен жана электрондук капчыктарынан салык карыздарын түздөн-түз өндүрүү механизми ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматы салык төлөөчүгө билдирүү тапшырылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде карыз ыктыярдуу төлөнбөгөн учурда, банкка же электрондук төлөм системасынын операторуна салыктык төлөм талабын коюуга укуктуу.
Буга чейин мындай тартип юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана тиешелүү болсо, эми ал жеке жактарга, жарандарга, да колдонулат.
Мыйзамда салыктык төлөм талабы аркылуу өндүрүлүүчү «таанылган салык карызынын» төмөнкүдөй критерийлери белгиленген:
- салык төлөөчүнүн отчетунда көрсөтүлгөн суммалар;
- салык органы тарабынан эсептелип, белгиленген мөөнөттө даттанылбаган суммалар;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен бекитилген суммалар;
- салык төлөөчү арызы аркылуу мойнуна алган суммалар.
Салыктык төлөм талабы талашсыз жана расмий аныкталган карыздарга гана коюлат. Мындай учурда банк же электрондук төлөм системасынын оператору салык төлөөчүнүн эсебиндеги каражатты бюджетке которууга милдеттүү.
Аталган чаралар карыздарды өндүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана салык төлөө боюнча конституциялык милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган. Учурда бул тартипти жөнгө салуучу токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.