Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Чүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат
24.03.2026 | 13:28

Чүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу облустук төрөт үйү ачылат. Учурда оорукананын имаратында оңдоо иштери жүрүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аталган ооруканада жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Министр оңдоо иштерин мөөнөтүндө аяктоону жана аткарылыш сапатын көзөмөлдөөнү тапшырган
Мекеменин маалыматында, Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча катары иштеген имаратта жайгашкан. Жаңы төрөт үйүн ишке киргизүү кош бойлуу аялдарга жана энелерге медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина