Бишкекте кыргыз-россиялык мектептин курулушу башталды: биринчи имараттын пайдубалы түптөлдү

26.03.2026 | 16:04

25-мартта Бишкектеги болочок биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептин имаратынын пайдубал плитасын куюу боюнча монолиттик иштердин башталышын билдирген салтанаттуу азем өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР билим берүү министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов катышты.

Эдил Байсалов жаңы мектептер кызматташтыктын жана өнүгүүнүн маанилүү борборлору болорун, аларды миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөр чыдамсыздык менен күтүп жатышканын баса белгиледи. Өкмөт башчысынын орун басарынын айтымында, долбоор имараттарды куруу менен эле чектелбестен, ал төмөнкүлөрдү карайт: заманбап билим берүү методикаларын киргизүү, алдыңкы педагогикалык технологияларды колдонуу, принципиалдуу жаңы билим берүү чөйрөсүн түзүү, академиялык стандарттарды чыңдоо жана окутуунун сапатын жогорулатуу.

Мектептин курулушу Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын түзүү жөнүндөгү Макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top