«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Бишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
27.03.2026 | 11:24

Бишкекте 1-марттан тарта ысык суу менен камсыздоонун тарифи өзгөрдү. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы маалымдайт.
Жаңы тариф (салыктарды эсепке албаганда) ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулат. Ал эми жылуулук энергиясына болгон тариф өзгөртүүсүз калат.
I топ – калк үчүн:
- эсептөө приборлору боюнча: 141,89 сом/м³;
- керектөөчү ченемдери боюнча (норма): 681,08 сом/айына (бир адамга);
- жылуулук энергиясы үчүн: 1950 сом/Гкал.
II топ – өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн:
- эсептөө приборлору боюнча: 328,11 сом/м³;
- жылуулук энергиясы үчүн 5998,17 сом/Гкал.
Бардык тарифтер салыктарды эске албоо менен көрсөтүлдү.
Ишкана абоненттерди коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда бул өзгөртүүнү эске алууну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом