Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылат

28.03.2026 | 14:07

1-апрелден тарта Бишкек шаарындагы Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Жолду реконструкциялоо учурунда 7 коомдук транспорттун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт. Алар:

  • №30, №226, №203 автобустук каттамдары;
  • №143, №161, №234 жана №130 маршруттук таксилери.

Курулуш иштери эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат. Экинчи этапта оңдоо иштери Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки тилкеде уланат.

Шаардык кызматтар тургундарды каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырат.

Scroll to Top